Өкмөт: коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400 орун даярдалат

© Фото / пресс-служба правительства КРПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов медицина мекемелеринин жетекчилери менен онлайн режимде кеңешме өткөрүп, эмгек өргүүгө кеткен медиктерди тез аранын ичинде ишке чакыртуу керек экенин баса белгилеген.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400дөн ашык кошумча орун даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымына таянып өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Боронов медицина мекемелеринин жетекчилери менен онлайн режимде кеңешме өткөрүп, эмгек өргүүгө кеткен медиктерди тез аранын ичинде ишке чакыртуу керек экенин баса белгилеген.

Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды

"Ар бирибиз эс алышыбыз керектигин түшүнүп турам. Бирок эмгек өргүүдө жүргөн медкызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турган кесиптештерине жардам бериши зарыл. Алардын эмгек акысы тиешелүү түрдө берилет. Ар бир адамдын саламаттыгы жана өмүрү үчүн күрөштө бардык күч-аракетибизди жасап, кадимки жашоого кайтуу үчүн азыркы кыйынчылыктарды жеңүүгө тийишпиз", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр эмгек өргүүдөн чакыртылган медкызматкерлерди жаңы ачылган стационарларга бөлүштүрүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0