13:26 30 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.6000
  • EUR92.9927
  • RUB0.9989
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Чубак ажынын каза болушу (9)
1150 0 0

Диний аалым кант диабетинен да жабыркап келгени белгиленди. Абалы оорлошуп, ал дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чубак ажы Жалиловду Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлап, эл ичинде тарап жаткан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, диний аалым түндө ооруканада үзүлгөн.

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

"Чубак ажы Жалилов 10-июль күнү саат түнкү 12.00дөрдө Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келинген. Эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, бейтап кант диабетинен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан саат 2.50дө каза болуп калды. Оорукана кабыл албай койгон деген билдирүү чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Экс-муфтийдин сөөгү кичи мекени — Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилери айтылды.

Тема:
Чубак ажынын каза болушу (9)

Тема боюнча

Чубак ажы өмүрүн элдин руханий жактан оңолуусуна арнады. Муфтийдин билдирүүсү
Чубак ажыга Бишкектен да жаназа окулуп кичи мекенине узатылды. Видео
Белгилер:
маалымат, Улуттук Госпиталь, оорукана, өлүм, Чубак ажы Жалилов

ЭҢ МААНИЛҮҮ