Чубак ажыга Бишкектен да жаназа окулуп кичи мекенине узатылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов. Архив
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечке жуук өзүнүн туулган айылы Мундузда да жаназа окулуп, сөөгү жерге берилери белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сөөгү ооруканадан чыгарылып, ага Бишкекте жаназа окулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөнүн муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Анын айтымында, маркумга Бишкектеги Улуттук госпиталдын короосунда эле жаназа окулган.

“Кыргызстандын эли, мусулман журтчулугу оор жоготууга учурады. Чубак ажы Жалилов түнкүсүн ден соолугу кескин начарлап ооруканага түшүп, өзүнө келе албай каза болду. Азыр маркумдун жаназасын окуп, узаттык. Сөөгүн жерге берүү үчүн кичи мекенине алып кетишти. Ал жакта да жаназа окулат”, — деди муфтий.

Маркум Чубак ажынын жаназасы тууралуу видеону Рахматулла Мухаммед аттуу Facebook колдонуучусу баракчасына жарыялады. Видеодо маркумду узатууга келген жарандарды өлкөнүн муфтийи сабырдуулукка чакырып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми дагы бир колдонуучу Баяман Топчубаев бир нече саат мурда баракчасына койгон видеодо Чубак ажынын жардамчысы Улан Давлеткулов маркумдун жаназасы бүгүн, 11-июлда, кичи мекени Базар-Коргон районундагы Мундуз айылында Аср намазынан кийин болорун айтат.

Мурдагы муфтий 11-июлга оогон түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга жетишкен эмес.

Жакындарынын маалыматына караганда, бейтап ага чейин өпкөсүнөн кагынып үйүндө дарыланып жаткан.

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Аравиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0