Бүгүн Кыргызстанда дагы 552 киши СOVID жуктуруп алды

© REUTERS / Maxim ShemetovМедициналык кызматкер коронавируска алынган кан үлгүнү кармап турат. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска алынган кан үлгүнү кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өлкөнүн дээрлик бардык аймагында коомдук транспорттун иши токтоду. Мунун баары вирустун жайылышына бөгөт коюу максатында жасалууда.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 552 адамдан коронавирус аныкталганын брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

  • Бишкек шаары – 314;
  • Чүй облусу - 124;
  • Ош шаары - 24;
  • Ош облусу - 13;
  • Жалал-Абад облусу - 26;
  • Баткен облусу - 28;
  • Ысык-Көл облусу - 6;
  • Нарын облусу - 17.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 9 910го жетти. Анын 3 236сы айыгып чыкты. Ушу тапта 631 киши стационарда дарыланып жатат, 25 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бүгүн коронавирус жуктуруп алган үч киши, пневмониядан 32 бейтап каза тапты

Жаңылыктар түрмөгү
0