Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

© Российский фонд прямых инвестиций (РФПИ) / Медиабанкка өтүүОтечественный препарат "Авифавир" для лечения COVID-19 начали поставлять в регионы России
Отечественный препарат Авифавир для лечения COVID-19 начали поставлять в регионы России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматова өткөн жумада Россиядан Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленск баштаган делегация келгенин эске салды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан коронавирусту дарылоодо вируска каршы авифавир дарысын алуу үчүн Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган дары Казакстанга алып келингени тууралуу айтылган. Акматова өткөн жумада Россиядан Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленск баштаган делегация келгенин эске салды.

АКШнын башкы инфекционисти COVID пандемиясынын күчөй турганын болжоду

"Делегациянын курамында Бакулев атындагы Илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү, реаниматологдор бар болчу. Авифавир дарысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Биздин эксперттик топ дагы бул суроону карап жатат. Министрлик болсо Россия тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө", — деди Акматова.

Авифавир дүйнөдө коронавирусту дарылай турчу эң эффективдүү дары болот деп ишендирип жатышат. 2014-жылдан бери аны Япония сасык тумоонун оор формасын дарылоо үчүн колдоно баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам россиялык окумуштуулар дарыны модификациялап, дарылоо протоколун өзгөртүшкөн.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Жаңылыктар түрмөгү
0