Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды

© Пресс-служба правительства КРВице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантып жатат. Анда мурдагы аткаминер козголгон иш боюнча көрсөтмө берген.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мурдагы аткаминер “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча  көрсөтмө берген. 

Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантып жатат.

Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү

Буга чейин аталган иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да сурак берген.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0