Мэрия дагы кимден 100 автобус сатып алат. Тендердин жыйынтыгы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДемонстрация новых моделей автобусов Lotos
Демонстрация новых моделей автобусов Lotos - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылы чыккан транспорт шаар бюджетинин дээрлик 658 миллион сом акчасын корото турган болду. Ага майыптар үчүн пандус орнотулуп, атайын жерлер бөлүнөрүн айтышты.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кытайлык Zhengzhou Yutong Bus компаниясы Бишкек шаары 100 автобуска жарыялаган тендерди утуп алды.

Тендердик комиссиянын отуруму 8-июлда болгон. Аталган компанияны үч фирманын ичинен тандап алышкан.

Маалыматта анын автобус жана электробус чыгарган дүйнөдөгү ири компаниялардын бири экендиги айтылган.

Бишкек мэриясы алты Тез жардам автоунаасын алууга тендер жарыялады

Аталган уюм 657 миллион 977 миң сомго 100 автобус алып келип берүүнү сунуштаган. Былтыркы жылдын апрель айында мэрия аталган фирмадан газ менен жүргөн 60 автобус алган.

Келе турган транспорт 70тен ашык кишиге ылайыкталып, 26 орундук бар экени айтылды. Андан сырткары майыптар үчүн пандус орнотулуп, атайын жерлер бөлүнгөн. Каттамга чыгар алдында электрондук "Тулпар" билет системасын колдоно турган валидаторлорду орнотууга болот деп билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0