Эми мечиттерде жума намаз окулбайт. Муфтияттын билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый пятничный намаз после карантина в Бишкеке
Первый пятничный намаз после карантина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыкты сактоо менен окулса, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын катышуусунда гана болот.

БИШКЕК, 09-июл. — Sputnik. Кырдаал турукташканча жума намаздар мечитте окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мечиттер жабылбайт, бирок ал жакта жума намаз убактылуу токтотулат.

"Дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде муфтият тиешелүү чечим кабыл алды. Абал турукташканча жума намазы убактылуу токтотулат. Анын ордуна ордуна бешим намазы өз алдынча окулат", — деп жазылган билдирүүдө.

COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады

Ал эми беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыкты сактоо менен окулса, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын катышуусунда гана болот.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0