Баткенде COVID жугузуп ооруканадан качып кеткен бейтап эртеси каза болуп калды

© AFP / HECTOR RETAMALСитуация в Китае из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумга коронавирус жукканы аныкталып, 4-июлда облустук бириккен ооруканасына жаткырылып дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Баткен облусунда 7-июлга караган түнү коронавирустан дарыланып жаткан киши ооруканадан качып кетип, бир күндөн кийин каза болду. Бул маалыматты Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Ал 8-июль күнү үйүндө жатып көз жумган. Маркум Баткен шаарынын 56 жаштагы Б.Ш. аттуу тургуну болгон. Ага COVID-19 жукканы аныкталып, 4-июлда облустук бириккен ооруканасына жаткырылган.

"Маркум 2-июль күнү Бишкек шаарынан келгендиктен, Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясына ПЦР-анализ тапшырган. Андан коронавирус чыгып ошол күнү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. 7-июль күнү дарылануудан баш тартып, оорусу айыга электе ооруканадан качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

Баткен ШИИБи жана медицина кызматкерлери бейтаптын үйүнө барышканда, ал ооруканага жатпай турганын билдирип, эскертүүлөргө баш ийбей койгон. Мындан улам медиктер үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келишкен.

Бейтаптын ооруканадан качканы боюнча Баткен милициясы тарабынан Жоруктар кодексинин 127-1-беренеси менен ("Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу") Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0