Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифингде модератор "Саламаттык сактоо министри менен орун басары коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы, алардын учурдагы абалы кандай?" деген суроо узаткан.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри жана анын орун басарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Брифингде модератор: "Саламаттык сактоо министри менен орун басары коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы, алардын учурдагы абалы кандай?" - деген суроо узаткан.

Саламаттык сактоо министри менен анын орун басары ооруп, учурда дарыланууда

"Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Азыркы тапта дарыланып жатышат. Анализдери тастыкталгандан кийин дагы кошумча маалымат беребиз", — деди Акматова.

Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0