Бир суткада 70 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүДарыгер күн сайын бейтаптарды кароодон өткөрөт. Архив
Дарыгер күн сайын бейтаптарды кароодон өткөрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада сакайгандардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Баткенде да акыркы суткада 10 киши коронавирусту жеңди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 70 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, өлкө ичинде айыккандардын жалпы саны 3 053кө жетти.

Коронавирустан бир суткада айыккандар:

  • Бишкек шаары — 25;
  • Чүй облусу —15;
  • Ош шаары — 7;
  • Ош облусу — 3;
  • Баткен облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 1.

Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0