ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө

Жазылуу
ЖКнын маалымат кызматынын башчысы пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын жазды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алган эмес. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө депутаттар эмгек өргүүсүнө чыкканда 200 миң сомдон акча алгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

"Депутаттарга Эмгек кодекстин негизинде айлык тиет. Төрага 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сомдон, депутаттар 25 500 сомдон айлык алат. Мыйзам боюнча эмгек өргүүсүндө төлөнчү акча айлыктан ашпашы керек. Ошондуктан 200 миң сомдон алды деген маалымат туура эмес жана чындыкка дал келбейт", — деди Ибраим Нуракун уулу.

Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жана ЖК аппаратынын кызматкерлеринин маянасы банктык картага которулат.

"Демек, 200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүм деген дагы туура эмес маалымат", — деп жазган өз постуна.

Нуракун уулу пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын баса белгилеп, спикердин тапшырмасы менен сатып алуулар, командировка жана оңдоо иштери токтотулгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0