Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек. Статистика

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБуудай оруп-жыйноо. Архив
Буудай оруп-жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы кант кызылчасы 6,0 миң, картошка 2,9 миң жана пахта 2,6 миң гектарга кыскаргандыгын айтышты.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дыйкандар быйыл 1 миллион 222,6 миң гектар жерди иштетүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Айдоо аянттарына төмөнкү өсүмдүктөр жана дан эгиндери эгилген:

  • 384,8 миң гектарына тоют өсүмдүктөрү,
  • 247,5 миң гектарына буудай;
  • 219,2 миң гектарына арпа;
  • 105,2 миң гектарына жүгөрү;
  • 76,3 миң гектарына картошка;
  • 62,0 миң гектарына буурчак;
  • 52,9 миң гектарына жашылча айдалган.

Калган жерге пахта, тамеки, кант кызылчасы, күрүч, гречка себилген.

Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртка. Статистика

Дан эгиндеринин айдоо аянты 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 20,9 миң гектарга көп болду. Ал эми кант кызылчасы 6,0 миң, картошка 2,9 миң жана пахта 2,6 миң гектарга кыскаргандыгы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0