Бишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады. Сүрөт

© Фото / ГСИН при ПКРБишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады
Бишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Биринчи май райондук соту менен №1 тергөө абагынын ортосунда төрт саатка созулган жараян өткөн.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / ГСИН при ПКРЖаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө
Бишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагынын ортосунда саат 10:00дөн 14:00гө чейин видеоконференция түрүндө онлайн сот отуруму болду.

Жергиликтүү соттордун ишин өркүндөтүү максатындагы алгачкы кадамдар ташталды

"№1 тергөө абагында жараяндарды өткөрүү үчүн толугу менен жабдылган жана бардык талаптарга ылайыкташкан атайын төрт бөлмө даярдалган. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата ЖАМК санариптештирүү иштерин бүтүрдү. ЖАМК бардык мекемелеринде онлайн сот отурумдарын өткөрүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өткөн жылы Талдоо жана мониторинг борбору ачылып, анын жардамы менен ЖАМКтын бардык мекемелери күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөлдөнө турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0