Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди

© Khalid Al MousilyСитуация в Ираке из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Ираке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар келишти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди. S7 Airlines авиакомпаниясынын Москва — Ош багытындагы чартердик каттамы менен келгендердин арасында жаш балдар да бар экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспораларынын, Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия жарандардын берген арызына жараша түзгөн.

Бишкекке Минск аркылуу Европадагы кыргызстандыктар алып келинди

Ага Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар кирди.

Министрлик чет жерлерде калган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштерди улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0