Февраль айынан бери 16 миңден ашык медицина кызматкери атайын окуудан өттү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОткрытие дневных стационаров в Бишкеке
Открытие дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЦР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лабораториялык бөлүмдөрүнүн 326 адиси окутулган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы 16 миңден ашык медицина кызматкери COVID-19га каршы күрөшүү боюнча уюштурулган атайын окуудан өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту алдын алуу, дарылоо, диагноз чыгаруу, коопсуздук чаралары, инфекциялык көзөмөл маселелери тууралуу медицина кызматкерлери үчүн аралыктан жана көчмө курстар өткөрүлгөн.

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

"Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 5-февралдан 6-июлга чейин 16 миң 422 адис окуудан өттү. Алардын ичинен 8936 кызматкер аралыктан окутуу курстарына катышса, 7506 ак халатчан жер-жерлерде уюштурулган семинарларга барган. Окутууга катышкандардын ичинде 3038 дарыгер, 3759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдын адистери бар", — деп жазылган штабдын маалыматында.

COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЦР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лабораториялык бөлүмдөрүнүн 326 адиси окутулду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0