БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Коронавирустан 67 бейтап айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды
Анын айтымында, Бишкек шаарынан 16, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 18, Ош, Жалал-Абад облусунда төрттөн, Нарын облусунан беш, Баткен облусунан эки адам сакайып чыгарылды.
Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 2 983 болду.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.