Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

© REUTERS / Juan Medina / File PhotoСитуация в Испании в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Испании в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 183;
  • Чүй облусу - 51;
  • Ош шаары - 22;
  • Ош облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу - 23;
  • Баткен облусу - 21;
  • Ысык-Көл облусу - 24;
  • Нарын облусу - 14.

Вирус илештирип алгандардын баары бейтаптар менен байланышта болгондор. 

Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду. 

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0