Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧөптөгү жамгыр тамчылары. Макросъемка
Чөптөгү жамгыр тамчылары. Макросъемка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-июлда облустарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү, 8-июлда, күндүз Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт, башка региондордун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.

Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +33...+35, Ошто +34...+36 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0