Кыргызстандагы чет элдиктер азырынча каттоо мөөнөтүн узартпай жүрө берсе болот

© Фото / сайт ГРС КРКоомдук тейлөө борборунун кызматкерлери. Архив
Коомдук тейлөө борборунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин 10 күндүн ичинде келип узартып кетсе болот.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жүргөн чет элдиктер жана жарандыгы жоктор азырынча каттоонун мөөнөтүн узартууга зарылчылык жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Аталган мекеме ушул маселе боюнча сall-борборго кайрылгандар көп болуп жатканын белгилейт. Мындан улам чет өлкөлүк жарандар КРде өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин 10 күндүн ичинде келип узартып кетсе болорун эскертти.

"Азыркы учурда республикада өзгөчө кырдаал режими алына элек, буга байланыштуу чет элдиктер жана жарандыгы жоктор Калкты тейлөө борборуна кайрылып убара болбошун эскертебиз. ӨК режими алынгандан кийин келип каттоого туруунун мөөнөтүн узартып кетсеңиздер болот", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды

Кыргызстан өзгөчө кырдаалдан качан чыгары азырынча белгисиз. Өлкөнүн түндүгүндө эпидемиологиялык абал жакшыра элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0