Финпол бааны жогорулаткан фарм-компаниянын жетекчилерине иш козгоду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота аптеки во Владивостоке
Работа аптеки во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финпол эгер бааларды ордуна келтирбесе кыйналган элден пайда көргөн фарм-компаниялардын аталышын элге жарыялай турган эскертти.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) өлкөдөгү бир нече ири фарм-компаниялардын жетекчилерине карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Финпол медициналык препараттарды жана коргонуу каражаттарынын баасы негизсиз кымбатташына каршы рейд жүргүзүп жатканы айтылат. Анын натыйжасында препараттардын баштапкы наркынан бир нече эсе жогорулатып саткан фактылар аныкталган.

Тез арада керек! Сабырбек Жумабеков жетишпей жаткан дарыларды тизмектеди

"Кымбат баада сатып жаткан дарыкана ээлери менен аңгемелешүү өткөрүлдү. Айрымдары бааны дары ташыгандар жогорулатып жибергенин айткан. Мындан сырткары, Финполго "Коорупцияга каршы коому" жана "Демилгелүү жаштар борбору" даттануу менен кайрылган. Алар дары ташыган ири фарм-компаниялар бааны негизсиз жогорулатып жана жасалма түрдө дефицит жаратып жатканын билдирген. Бул боюнча териштирүү башталды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле азыркы тапта бааны жөнгө салуу боюнча бир катар иш-чаралар жүрүп жатканы белгиленди. Прокуратура жана соттун санкциясы менен фарм-компаниялардын биринчи бухгалтердик документтери алынат.

Бул күндөр да өтөт, ошондо сүйлөшөбүз! Түлөбаев дары алып саткандарга кайрылды

"Ошону менен бирге Финпол кырдаалга карап мыйзам бузган фарм-компаниялардын жана дарыканалардын толук аталышын жарыялай турганын эскертет. Өлкөдө эпидемиологиялык абал чыңалып турганда өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кырдаалдан кимдер пайдаланып жатканын эл билиши керек", — деп эскертти Финпол.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, учурда левофлоксацин, азитромицин, физраствор, ингаверин, арбидол, гропринасин, авипромицин, эргаферон, анаферон, цевтриакцион, асма уколдун системасы, кычкылтек жаздыгы, парацетомол, кардиомагнил, тромбо асс, фраксипарин дарыларына суроо-талап жогору болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0