Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

Жазылуу
Бул иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусу Баткенге жалпы баасы 6 миллион 300 миң сомдук гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

"Коңшу өлкөдөн коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабораториялык шаймандар келди", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашкан.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

Баткен облусунун жетекчилиги оор кырдаалда көрсөтүлгөн жардам үчүн кошуна Өзбекстандын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине ыраазычылык билдирет.

Буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык-түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.

Бүгүн, 7-июлга, карата Баткен облусунда коронавируска чалдыккан 10 жаңы учур катталды. Жалпысынан аймакта вирус жуктургандардын саны 172ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0