Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган эле.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков пневмониядан улам каза болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, депутат Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган болчу.

“Мурдагы күнү жубайы менен сүйлөшкөнүмдө “абалы жакшырып баратат, бир-эки күндө аппараттан чыгарылат” деп айткан эле. Кечээ абалы кескин оорлошуп кетиптир. Кечинде жандандыруу бөлүмүндө үзүлгөн”, — деди Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. Артында үч баласы калды.

Ал кесиби боюнча филолог. Эмгек жолун журналист жана окутуучу болуп баштаган.

1997-жылдан 2010-жылга чейин — "Акун" ЖАКтын башкы директору, "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы болуп эмгектенген.

Андан соң КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты болгон.

2016-жылдын апрелинде ЖК төрагасы болуп шайланып бир жарым жыл иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0