Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКоопсуз бет капчан автобуста киши. Архив
Коопсуз бет капчан автобуста киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү бөлүп берген 12 автобус менен 533 адам келди. Бүгүн жалпысынан 1496 кыргызстандык кайтты.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен Кыргызстанга сапар алган мекендештердин экинчи тобу келди. Бул кабарды өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган калаада турган 963 кыргызстандык автобус менен Бишкекке алып келинген болчу.

"Өкмөт бөлүп берген 12 автобус менен 533 адам келди. Жалпысынан 32 автобус менен Россиянын Соль-Илецк шаарынан мекенине 1 496 жаран келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарды өткөрүү үчүн Казакстан транзиттик коридор ачып берүүгө макул болгон.

Кырдаалды болжой албай дүрбөлөң түшүрдүңөр! Жээнбеков өкмөт менен министрди тилдеди

Тышкы иштер министрлиги мекендештерди эл аралык каттамдар ачылмайынча Россия менен Казакстандын чек арасына келип албоого чакырат.

Учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстандын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсү чектелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0