Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат

© Фото / Пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүКоронавирус менен ооругандарды дарылоо стационар. Архив
Коронавирус менен ооругандарды дарылоо стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Берекет Гранд" менен "Дордой" базарынын жетекчилери жана мэрдин жакындарына таандык курулуш компаниясы колдоо көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын төрт районуна дагы кошумча күндүзгү стационарлар ачылат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жайлардын бардык чыгымдарын ишкерлер менен Жогорку Кеңештин депутаттары мойнуна алды. Демек, алар станционарга керектелүүчү керебет, жабдууларды, дарыгерлерди ташуу жана тамак-аш уюштурууга кеткен чыгымдын баарын көтөрүп берет. Ал эми уюштуруу иштери мэрия жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

Түлөбаев шаар мэри Азиз Суракматов ишкерлер менен жолугушуп, бул боюнча макулдашканын белгиледи.

  • Свердлов районун "Дордой" ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков мойнуна алды. "Дордой" базары тарапта жайгашат.
  • Биринчи май районун калаа мэри Суракматовдун жакындарына таандык "Елизавета" курулуш компаниясы тейлейт. "Кудайберген" базары жакта ачылат.
  • Ленин районун "Берекет Гранд" ишканасынын жетекчиси Болот Бегалиев камсыздайт. "Ош" базары тарапта жайгашат. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Канат Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров жана Руслан Чойбековдор Ленин районунда дагы бир күндүзгү стационар ачат.
  • Октябрь районун Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов камкордугуна алат. "Тунгуч" кичи району тарапта ачылат.

Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле

Стационарлар 15 күнгө ачыла турганы белгиленет. Бул жерден жарандар медиктерден кеңеш алып, ийне сайдырып кетишет. Дары-дармекти өз жанынан сатып алышы керек, калганы бекер болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0