Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси

Жазылуу
Мамлекет башчы жыйында өкмөттүн ишин сынга алып, коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча өзүнүн сунуштарын айтты.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков видеоконференция форматында Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана район акимдери катышты.

Жыйында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштери талкууланды. Мамлекет башчы Республикалык штабга кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн талдоо жана болжолдоону күчөтүүнү сунуштады.

Sputnik Кыргызстан Коопсуздук кеңешинде кандай маселелер ортого салынганын кыскача тизмектеди.

  • Жээнбеков өкмөт менен саламаттык сактоо министрин кырдаалды алдын ала божомолдоп, талдоо жүргүзбөгөнү үчүн тилдеди;
  • Алгачкы медициналык жардамдын, түшүндүрүү иштеринин жоктугунан улам эл дүрбөлөң түшүп жатканын айтты. "Күн мурунтан кадрлардын резервин толуктап койбой, кризис башталганда издеп калдыңар", —  деп өкмөттү сындады;

Министрлик: Кыргызстанда 12 дарыга муктаждык жарала баштады

  • Президент облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну Республикалык штабга сунуштады;
  • Буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эскертип, Республикалык штабга расмий чечим чыгарууну тапшырды;
  • Медиктерге эмне жетишпей жатса саламаттык сактоо министри Республикалык штабга жана Жээнбековдун өзүнө айтып туруусун милдеттендирди. Ошондой эле министр маселенин ыкчам чечилишин талап кылышы керек;
  • 24 саат бою иштеп жаткан дарыгерлер тамак-аш менен камсыздалсын. Өздөрү жанынан сатып жешине жол берилбесин. Шалаакыларды аяй турган мезгил эмес;

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

  • Республикалык штаб ыктыярчылардын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай ээсине ыкчам жеткирсин.
  • Медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп турсун;
  • Бейтаптарды ыкчам жаткыруу, бардык колл-борборлордун ишмердигин синхрондоштуруу үчүн Бишкектеги ооруканалардын санарип карталарын иштеп чыгуу тездетилсин;
  • Өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек, бирок санитардык талаптар катуу тартипте аткарылышы керек;
Жаңылыктар түрмөгү
0