Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун бермей болду

© Пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүОткрытие коронавирусного стационара на базе ГКБ № 24
Открытие коронавирусного стационара на базе ГКБ № 24 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-июлда тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Катардын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Абдалла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугуп, коронавирустун тарап кетишине бөгөт коюуну талкуулаган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Катар мамлекети Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун берет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 6-июлда тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Катардын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Абдалла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугуп, коронавирустун тарап кетишине бөгөт коюу маселеси тууралуу сүйлөшкөн.

"Кыргыз тараптын суранычы менен гуманитардык жардам иретинде Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун берет. Жабдуулар жакын арада Бишкек шаарына жеткирилет", — деп айтылат маалыматта.

Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди

Министрдин орун басары Катар өлкөсүнүн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0