Аялдын сырттаны эле... Бүбүкан Досалиевага жазылган некролог

© Фото / пресс-служба правительства КРЖурналист Бюбюкан Досалиева
Журналист Бюбюкан Досалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Ал 5-июлда капысынан келген илдеттен көз жумду.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурап, чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиевадан ажырады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан некрологдо жазылат.

Досалиева 5-июлда капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында көз жумган.

"Бүбүкан Акматжан кызы кесипкөй журналист, иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу. Ал аялдын нускалуу үлгүсү эле. Чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү, акылгөйлүгү, иштермандыгы кийинки муунга өрнөк болуп калары калетсиз. Чыгаан журналист жана аялдын сырттаны Бүбүкан Досалиева эч качан унутулбайт", — деп айтылат анда.

Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.

1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, "Сары-Өзөн Чүй" радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн аягына чейин "Эркин Европа – Азаттык үналгысы" кыргыз кызматынын "Азаттык Медиа" мекемесинде кабарчы, мультимедиа жетекчиси, телеберүүлөрдүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген.

Бүбүкан Досалиева журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиева саясий илимдеринин кандидаты, "Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук аспект" аттуу илимий монографиянын, элүүдөн ашык илимий эмгектердин, "Энелер жөнүндө баллада" аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, "Төрөкул Айтматов" аттуу китептин түзүүчүсү.

Кыргыз киносунун тирөөчү эле. Режиссёр Бакыт Карагуловго жазылган некролог

2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп эмгектенген.

1994-жылы Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын журналистика боюнча академиги болгон. 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.

2003-жылы президенттин "Алтын калем" сыйлыгынын лауреаты аталган.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0