Бүгүн өлкө боюнча 314 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / SAJJAD HUSSAINСитуация в Индии в связи с коронавирусом
Ситуация в Индии в связи с коронавирусом  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ушу тапта эпидемиологиялык абал начар. Вирусту жуктуруп алган учурлар да, ооруга туруштук бере албай каза болгондор да күн санап көбөйүүдө.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 314 кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 161;
  • Чүй облусу - 25;
  • Ош шаары - 41;
  • Ош облусу - 26;
  • Жалал-Абад облусу - 15;
  • Баткен облусу - 10;
  • Ысык-Көл облусу - 21;
  • Нарын облусу - 15.

Ушуну менен COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 7 691ге жетти. 

Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 4 131 киши үй карантининде. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0