07:02 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
262 0 0

Түнкүсүн республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 6-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Таласта +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33, Ысык-Көл менен Нарында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы баш калаада +25…+27, Ошто +31…+33 жана Чолпон-Атада +21…+23 градуска дейре жетет.

Тема боюнча

Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ