Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойКыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова
Кыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Короодо ойгоо жан жокпу деп терезеден шыкаалаган жаш келин эч ким жокто жетишейин деп колундагы токоч салынган табагы менен дүкөндү көздөй чуркады.

Токочторун дүкөнгө өткөрүп жатканын эл билип калат деп саксактайт. Кызынын жалаягына да акча жеткире албагандыктан токоч жасап сатууга аргасыз...

Салтанат Берестова азыр туристтик компаниянын ээси, дүйнөнү кыдырып, президент Жээнбеков менен сүрөткө да түшөт. Ал эми бир топ жыл мурун ал кыйын абалга тушуккан эле. Жолдошунун иши жүрүшпөй, Салтанат ымыркайы менен колунда акчасы жок калат.

Таржымалы дегеле кызык, кайсы бир убакта Салтанат кыргыз тили мугалими болчу. Бирок бир жолу саякатка чыгып келгенден кийин башкача жашоону чечкен.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Ысык-Көлдө, тоо койнунда чоңойгом. Алты айлык кезимде ата-энем мени айылга чоң ата-чоң апамдын колуна берет. Ушул үчүн узак жылдар бою апама таарынып жүрдүм. Мени аларга анчалык жакшы көрбөгөнү үчүн берип салгандай туюлчу.

Кыздуу болгондо гана баарын аңдап, апамдан кечирим сурагам. Өзүм да көп иштөөгө аргасыз болдум, ушундан улам балама жетишерлик убакыт бөлө албай жүрдүм. Кээде кызым: "Апа, кел, сенин жумушуңду дүкөнгө сатып салабыз", — дечү.

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойКыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: негизинен мугалимдерди күйөөлөрү багат. Эгер кошумча бизнесиңиз болбосо, мектепте иштөө менен үй-бүлөнү камсыздоо мүмкүн эмес.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: негизинен мугалимдерди күйөөлөрү багат. Эгер кошумча бизнесиңиз болбосо, мектепте иштөө менен үй-бүлөнү камсыздоо мүмкүн эмес.

— Мугалимдик кесипти тандооңузга эмне түрткү болду? Бул аты улук, супарасы курук кесип го?..

— Мен чечкен эмесмин. Апам өмүр бою мугалим болуп иштегендиктен, өзү эле менин документтеримди педагогикалык окуу жайга алпарган. Ошентип кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп калгам, ал түгүл университетти артыкчылык менен аяктагам.

— Сиз №70 мектепте иштеген экенсиз, бул борбор калаадагы мыкты деп саналган мектептердин бири. Андай мектептердин мугалимдерине бай ата-энелердин балдары көбүнесе баш бербей, педагогдорду басынтарын да уккам.

— Окуучунун: "Салтанат Канатбековна, сизди жеткирип коеюнбу? Айдоочум келди", — деген учур болгон. Бирок чоң деле көйгөй болгон жок. Балким, 5-класстарга гана сабак бергенимден уламдыр, сиз айткан нерселер улуураак класстарда кездешет. Кандай болсо да мен балдардын арзуусуна татууга аракет кылчумун. Бул абдан мыкты гимназия, ал жакта иштөө абдан жагымдуу болчу.

— Кыргызстандык мугалимдер маянасына жөн эле даттанышат. Алардын үстөк акчасы, сый акы, кошумча сабактар үчүн төлөмдөрү бар, жыйынтыгында жакшы эле сумма чыгары туурасына имиштер жүрөт.

— Жок, негизинен айрым мугалимдерди күйөөлөрү багат. Эгер кошумча бизнесиңиз болбосо, мектепте иштөө менен үй-бүлөнү камсыздоо мүмкүн эмес.

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойСалтанат Берестова: Жолдошума жардамдашып жүрүп эле виза жасатканды өздөштүрүп алдым. Биздин паспортко бөлөк өлкөлөрдө абдан тыкыр карашат, себеби туристтик виза менен барып, ал жакта иштеп калышат.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Берестова: Жолдошума жардамдашып жүрүп эле виза жасатканды өздөштүрүп алдым. Биздин паспортко бөлөк өлкөлөрдө абдан тыкыр карашат, себеби туристтик виза менен барып, ал жакта иштеп калышат.

— Эмнеге мектептен кетип калдыңыз?

— Университетке кыргыз тили боюнча окутуучу болуп кеттим. Биздин жаштар өз тилин билсе дечүмүн. Эмнегедир бул багыттагы аракеттерге карабай, көпчүлүгү үйрөнүп кете алышпады. Балким каалоосу жоктур...

Бир кыргыз жигит эсимден кетпейт, сабакты көп калтырчу. "Кыргызча сүйлөгүм келбейт, мага эмне пайдасы бар? Кыргыз тилинде айылдыктар сүйлөйт, мен шаардыкмын", – деди бир күнү. Көпкө баарлаштык, анан тил табыштык. Ошол студент сабак калтырбай келчү болду. Бир жолкусунда: "Эже, анекдот айтып берейинби? Кыргызча?" — дебеспи. Отуруп алып айтып берди.

Көзүм көрбөй каларын билгем. Ишкерликке кадам таштаган Матлюба менен маек

Бир жолу келип, сүйлөшкүсү келгенин айтты, бирок баш тартып койгом. Кантсе да мен окутуучумун, студенттер менен мамиледе сыйды сактоого тийишмин... Азыркыга чейин аны менен сүйлөшпөй койгонума өкүнөм. Жанын кыйган экен. Бул окуяны эч качан унутпайм го.

— Университеттен эмнеге кетип калдыңыз?

— Европага барып келдим, башка жашоону көрдүм. Анан окутуучу болгум келбегенин түшүндүм. Кесиптештерим телефон чалып: "Салтанат, азыр иштен кетип калсаң, эч ким сени кайра жумушка албайт!" – дешти. Кайткым деле келген жок...

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойТуристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: Ушул тапта Бишкекте виза алууга жардамдашкан фирмалар арбын. Бирок документтерди толтурууда ката кетирген тажрыйбасыз ишканалар бар. Меники дайым "тегиз" өтөт.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: Ушул тапта Бишкекте виза алууга жардамдашкан фирмалар арбын. Бирок документтерди толтурууда ката кетирген тажрыйбасыз ишканалар бар. Меники дайым "тегиз" өтөт.

— Эмне менен алектене баштадыңыз?

— Жолдошума кол кабыш кылдым. Ал Литва жана Германиядан автомобиль алып келчү, мен аларды унаа базарында сатчумун... Бала кезде 7-класста окуп жүргөнүмдө бир окуя болгон. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар базарга чыгып, эс алуучуларга өз бакчаларынан топтогон жашылча-жемишти сатышчу. Алар ушинтип акча таап, балдарын мектепке даярдашар эле.

Ата-энем мени да базарга эки чака карагат менен алып келишти. Менин катарымда классташ кызым өрүк сатып жатыптыр. Аны сатып алуучулар тегеректейт, анткени ал: "Өрүк алгыла, эң сонун, жаңы топтолгон!" – деп кыйкырат. Мен эмне кылдым дебейсиздерби? Бир нерсе саткандан уялып, ата-энем жанымдан узап кеткенде карагат салынган чакалардан алыстадым. Ал жакта жөн эле тургандай көрүнсүн дедим го кыязы.

Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

Ата-энем келип, эч нерсе сата албаганымды көрүштү. Ошондон соң ата-энем соода-сатыкка жөндөмүм жок экенин ойлоп калышкан... Андан бир топ жыл өткөндөн кийин авторынокто унаа сатууга туура келди, бирок бала кездегидей тартынмай жок. Үй-бүлө күтүп калганда бардык күчүң менен ага пайдалуу болгуң келип калат турбайбы. Уялууну да ойлобойсуң. Рынокту толук изилдедим, бажыканадагылар да мени жакшы таанып калышты.

— Туризм жаатына кандайча ыктадыңыз?

— Жолдошум Европага иштегиси келген досторуна документ жагынан көмөктөшөр эле. Документация иши ал үчүн татаал болчу, ал эми мага кыйынчылык деле туудурбайт. Анткени Билим берүү академиясында канцелярияны жетектегем, тажрыйбам бар.

Жолдошума жардамдашып жүрүп эле виза жасатканды өздөштүрүп алдым. Биздин паспортко бөлөк өлкөлөрдө абдан тыкыр карашат, себеби туристтик виза менен барып, ал жакта иштеп калышат. Ошондуктан документтерди өзгөчө кылдат даярдоо абзел.

Ушул тапта Бишкекте виза алууга жардамдашкан фирмалар арбын. Бирок документтерди толтурууда ката кетирген тажрыйбасыз ишканалар бар. Меники дайым "тегиз" өтөт. Азыр эми туристтик жана транспорттук компаниям бар.

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойСалтанат Берестова: Кошуналардын көзүнө илинбейин деп таң заарда чыгып, токоч тизилген табакты павильонго жеткирем. Ошентип алектенгениме, ымыркайымдын жалаягына акчамдын жоктугуна уялчумун.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Берестова: Кошуналардын көзүнө илинбейин деп таң заарда чыгып, токоч тизилген табакты павильонго жеткирем. Ошентип алектенгениме, ымыркайымдын жалаягына акчамдын жоктугуна уялчумун.

— Айтсаңыз, жашооңуздагы кайсы убакты эң кыйын кезең дейт элеңиз?

— Кош бойлуу болгончо жакшы акча тапчумун, чыпчыргасын коротпой күйөөмө жөнөтчүмүн. Ал биздин кирешебизди арбытат деп ойлогом. Боюма бүткөн жылы биз көп акча жоготтук. Мисалы, жолдошум сегиз миң долларлык автомобилди алдын ала миң доллар гана алып, досуна каттатып коет. Ошентип кыйынчылыктын башы башталат да, жалпысынан 30 миң доллардын тегерегиндеги каражаттан кол жуудук.

Ымыркайына керек, бирок коомго пайдасыз байкуш энеге айланып калдым. Улам кичинеден акча топтой бербегениме өкүндүм. Бир жолу эжемден карызга акча сурасам, суммасы чакан болсо деле бербей койду. "Сен бала менен отурасың го, кантип кайтарасың?" – деди. Ошондо катуу таарынсам да азыр ага ырахмат айтам. Анткени ошол ыза мага күч берип, алдыга жылдырган.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

Бир ирет куймак куюп жатып, сатуу үчүн да жасап, короодогу павильонго өткөрсөм болобу деген ой келди. Сатуучу менен сүйлөшсөм, ал: "Куймак сатуу пайдасыз, алар тез бузулат, сатып алгандар да аз. Андан көрө токоч жакшы өтөт", – деди. Кайненем мурда кафени жетектеген, тамакты жакшы жасайт. Чогуу токоч жасоону сунуштадым.

Ошентип бул ишке кириштик... Кошуналардын көзүнө илинбейин деп таң заарда чыгып, токоч тизилген табакты павильонго жеткирем. Ошентип алектенгениме, ымыркайымдын жалаягына акчамдын жоктугуна уялчумун. Ак эмгектен уялуунун кереги жоктугун кийин түшүндүм. Ошентсе да мурдагы кардарларымдын бири телефон чалып, жумушка чакырганда абдан сүйүнгөм.

— Аялдары декреттен жумушка чыгарда күйөөлөрү каршы чыгат. Сиздин үй-бүлөңүздө андай көйгөй жаралган жокпу?

— Жолдошум үйдө бала менен отурганыма көнүп калыптыр, ага кыйын болду. Адегенде жолтоо болгусу келди, бирок ал аракети мени кайра шыктандырды. Себеби максатыңды ишке ашырууга бараткан жолдо сөзсүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул табияттын мыйзамы.

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойСалтанат Берестова: Максатыңды ишке ашырууга бараткан жолдо сөзсүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул табияттын мыйзамы.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Берестова: Максатыңды ишке ашырууга бараткан жолдо сөзсүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул табияттын мыйзамы.

— Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жөнөтүүдө көп акча табууга болобу?

— Акча ашыкчалык кылбайт, туурабы? Жылына миллион доллар табам деп айта албайм, бирок жашоомо жетет. Алдыда кыйынчылык тартпайын деп чогултуп да келем. Мурдагыдай абалга кабылгым келбейт.

— Мюнхенде президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөтүңүз бар экен. Кандайча кезигип калдыңыз?

— Өлкө башчынын Германияга жасаган иш сапары маалында бизнес-делегациянын курамында элем. Жанымдагы кыз аны менен сүрөткө түшүүнү сунуштап калды.

Жан сакчыларына барып, Сооронбай Жээнбеков менен таанышкыбыз келерин айтсак, алар бизге жанына барууга уруксат беришти. Жакындан көрүү кызык болду биз үчүн! Президент бизди студенттер деп ойлоптур, бизнес-делегациясынын курамында экенибизди айтканда: "Оо, азаматсыңар!" — деп таң калды. Сүрөткө түштүк, мамлекет башчыбыз туурасында жылуу пикирде калгам.

© Фото / предоставлено Салтанат БерестовойИшкер Берестова: Европага кош бойлуу кезимде баргам. Ал жакта калгым келди, бирок анте албадым. Мейманканага тазалоочу же короо шыпыргыч болуп гана ишке орношууга болорун түшүнгөм. Мекенде баары бир дайым жеңил да. Өз өлкөмөн эч жакка кетпейм.
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Берестова: Европага кош бойлуу кезимде баргам. Ал жакта калгым келди, бирок анте албадым. Мейманканага тазалоочу же короо шыпыргыч болуп гана ишке орношууга болорун түшүнгөм. Мекенде баары бир дайым жеңил да. Өз өлкөмөн эч жакка кетпейм.

— Европага жасаган сапарыңызга катуу таасирленип, университеттен кеткениңизди айттыңыз. Кыргызстандан биротоло кеткиңиз келген эмес беле?

— Европага кош бойлуу кезимде баргам. Ал жакта калгым келди, бирок анте албадым. Мейманканага тазалоочу же короо шыпыргыч болуп гана ишке орношууга болорун түшүнгөм. Мекенде баары бир дайым жеңил да. Өз өлкөмөн эч жакка кетпейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0