Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

© Фото / пресс-служба МИД КРОшко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди
Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген бардык жарандар тартип боюнча медициналык процедуралардан өтүү үчүн көзөмөлгө алынары айтылды.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн, 5-июлда, "Авиатраффик Компани" авиакомпаниясынын учагы менен Москва — Ош каттамы боюнча Кыргызстанга 343 кыргыз жараны Россиядан алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекенге кайтчулардын тизмеси кыргыз диаспорасы, Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлери жана элчилик кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталды.

"Негизинен каттамга россиялык ЖОЖдордо окуган студенттер, төрөтү жакындаган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, оор дартка кабылган, операция болгон, жакынын жоготкон жана башка турмуштук оор кырдаалга кептелген олуттуу себеби бар жарандар киргизилди", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда келген бардык жарандар тартип боюнча медициналык процедуралардан өтүү үчүн көзөмөлгө алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0