Бүгүн Кыргызстанда дагы 283 адам коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / Cooper NeillКоронавируска алган кан үлгүлөр. Архив
Коронавируска алган кан үлгүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келген россиялык дарыгерлердин тобу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга оор деген баасын берди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 283 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкек шаары – 162;
  • Чүй облусу - 31;
  • Ош шаары - 27;
  • Ош облусу - 13;
  • Нарын облусу - 18;
  • Баткен облусу - 13;
  • Ысык-Көл облусу - 19.

Булардын баары бейтаптар менен байланышта болгондор экени айтылды.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы сагы 7 377ге жетти. Анын 2 802си сакайып чыкты

Жаңылыктар түрмөгү
0