Чүй облусунун алты жеринде күндүзгү стационар ачылууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРЧүй облусунун аймагында алты жерде күндүзгү стационарлар даярдалууда
Чүй облусунун аймагында алты жерде күндүзгү стационарлар даярдалууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүзгү стационарлар негизинен мектеп менен бала бакчалардын имараттарында же спорттук залдарында болору айтылды.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында алты жерде күндүзгү стационарлар даярдалууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул аракет өлкө аймагында коронавирус илдетин жайылтпоо, алдын алуу жана ооруга чалдыккан жарандарга шарт түзүү максатында жасалып жатканы айтылды.

Алар алты райондун аймагында жайгашкан:

  • Сокулук районунун аймагында күндүзгү стационарга колдонууга 65 орун;
  • Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы интернатында күндүзгү стационарга колдонууга 80 орун;
  • Москва районунда 150 орун;
  • Ысык-Ата районундагы "Родничок" балдар бакчасында күндүзгү стационарга колдонууга 30 орун;
  • Кемин районунун №19 Кесиптик лицейдин базасында 50 орун;
  • Чүй районунда Марков атындагы №1 орто мектебинин спорт залын күндүзгү стационарга колдонууга 40 орун даярдалууда.

Буга чейин да Бишкек шаарында төрт райондун аймагында стационарлар ачылып, алгачкылары бейтаптарды кабыл ала баштады.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0