06:13 13 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.8563
  • EUR91.4695
  • RUB1.0631
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
279 0 0

Абдиманнап Муратов 2009-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Бир нече жыл өткөндөн кийин билим берүү жана илим министринин орун басарлыгын аркалаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманнап Муратов каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Facebook тармагына жазды.

Анын айтымына караганда, өлүмгө пневмония себеп болгон.

Муратов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Мады айылында жарык дүйнөгө келген. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун педиатрия бөлүмүн аяктаган. Көп жыл медицина тармагында эмгектенген, 2009-жылдары Саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Бир нече жыл өткөндөн кийин билим берүү жана илим министринин орун басарлыгын аркалаган.

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)

Тема боюнча

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди
Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Белгилер:
пневмония, профессор, доктор, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ