Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу дарыгерлер. Архив
Аэропорттогу дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер мурдараак кыргызстандыктарга жардам бериш үчүн дары-дармекке жана меджабдууларга каражат чогултууга чакырык таштаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда, мекенине жардам бериш үчүн Бишкекке Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер учуп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын бири Нурлис Токебаев билдирди.

Токебаев медицина кызматкерлеринин Кыргызстанда жетишсиз болуп жаткандыгын көргөндөн кийин жардам берүү үчүн келүүнү чечишкендигин айтып берди. Аны менен катар эле Россияда атайын акция жарыяланып, 2 миллион рубль акча чогултулган.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

"Аларды жөнөкөй мигранттар: таксисттер, ашпозчулар, базарда соода кылгандар чогултту. Бул акчага канча экенин билбейм, бирок кычкылтек концентраттары, коронавирусту дарылоодо пайдаланыла турган препараттар алынды", — деди Токебаев.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири ИВЛ аппаратын сатып берди. Аны бир аптадан соң, кийинки каттам менен алып келишет.

"Бүгүн саат 1:00дө элчиликтин алдына чогулуп, андан ары аэропортко жөнөйбүз. Бара тургандар 30га чукул дарыгерлер менен медайымдар. Демилгени Facebook тармагында көтөрүп чыктык, бизди бийлик колдоду", — деп кошумчалады ал.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0