Белгилүү ырчы-обончу Тургуналы Нурматовдун жерге качан берилери айтылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГүл кармап турган адамдар. Архив
Гүл кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген артисти калың элге "Кыргызымдын жигиттери", "Жымыңдайт жылдыз", "Той ыры" аттуу обондору менен таанылган. Буга чейин аткаруучунун ооруп жүргөндүгү айтылып келген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Белгилүү обончу Тургуналы Нурматов бүгүн каза болду. Обончуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында өтөт. Бул маалыматты анын жакындары тастыктады.

65 жаштагы аткаруучу 4-июлда борбор калаада ооруканада көз жумду.

КРдин эмгек сиңирген артисти калың элге "Кыргызымдын жигиттери", "Жымыңдайт жылдыз", "Той ыры", "Жаз гүлү" аттуу ондогон обондору менен таанылып, белгилүү болгон.

Залкар акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылды

"Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында өтөт", —  деди жакындарынын бири.

Буга чейин аткаруучунун сыркоолоп жүргөндүгү да айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0