Ооругандарга салыштырмалуу аз... Коронавирустан 59 бейтап айыкты

© AP Photo / Sophia SandurskayaБейтапты компютердик томографияда карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты компютердик томографияда карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматына ылайык, жалпы республика боюнча коронавирустан 2714 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыкты.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 59 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда кабарлады.

Алар аймактар боюнча бөлө келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек ш. – 37
  • Чүй облусу – 3
  • Ош ш. – 5
  • Ош облусу – 2
  • Нарын облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу – 7
  • Талас облусу – 1
  • Баткен облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 1

Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Жалпы республика боюнча 2714 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0