Бир суткада 31 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 151ге жетти

© AP Photo / Sophia SandurskayaОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарды кошуп эсептегенде өлкөдө пневмониянын кесепетинен каза болгондордун саны 151 кишиге жетти.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 31 адам пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 3009 адамдын өпкөнү сезгенткен илдет менен ооруп жатканы катталган. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты.

Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кечээ ушул эле өпкөнү сезгенткен оорудан 23 адам кайтыш болгон. Бүгүнкү статистикалык маалыматты кошуп эсептегенде каза болгондордун саны 151 кишиге жетти.

Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Белгилей кетсек, Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0