Жумуштагы байке тийишкенден кийин жашоом бузулду. Жаш жигиттин каты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет чогуу иштеген эркек киши тийишип, психикасы жабыркаган жаш жигиттин каты жарыяланды.

Мен 21 жаштамын. Жарым жылдан бери аябай кыйналып жүрөм. Айлам кеткенде эжеме ичимдеги нерсенин баарын айтып берип, ал психологго кайрылууну сунуштады.

Былтыр колледжди бүтөрүм менен өз кесибим боюнча Бишкектеги интернет-провайдерлердин бирине жумушка кирдим. Кичине кезимен бери компьютерге, негизи эле техникага кызыккандыктан IT-тармагы боюнча окуумду жакшы бүтүрүп, жумушка ийгиликтүү орношуп алдым деп сүйүнүп жүрдүм. Башында тажрыйба топто деп үйлөргө интернет орнотууга барган бригадага кошуп коюшту. Көпчүлүгү менден бир аз эле улуураак балдар экен, бат тил табышып кеттик.

Бир күнү менеджер кыз "сен мындан ары кеңседе иштейт экенсиң, Талгат байке (аты өзгөртүлдү — ред.) сени өзүнүн бөлүмүнө котортуп алды" деди. Эмне деп жооп беришти билген жокмун. Жаңы эле келсем, анан бөлүм башчы өз бөлүмүнө алып алса, демек жакшы жагыман өзүмдү көрсөтө алдым окшойт деп сүйүнүп койдум. 2-3 күндөн кийин Талгат байке башкарган бөлүмдө иштей баштадым. Ал киши өзү келип бир нече жолу ал-жайымды сурап, көнүп калдыңбы деп кабар алып турду. Анын бул сапаттарын чын дилимден жактырып, жакшы киши турбайбы деген ой кетти. Көп өтпөй жумушта кармалып калып кечирээк чыктым. Сыртта Талгат байке тамеки түтөтүп туруптур. Мен унчукпасам деле "кайсы тарапка барасың, мен таштай кетем" деп калды. Жолду катар өзүм, ата-энем тууралуу сурап барды. Жете бергенде жол жээгине машинаны токтотуп, сүйлөшүп туралычы деди. Мен, биринчиден, автонун ичине отуруп эмнени сүйлөшөбүз, экинчиден, бул мага жетекчи болсо деп таң калдым.

Келинимдин жүдөөлүгү көкөйгө тийди. Айласы куруган кайнененин каты

Бир маалда "акыл-эстүү эле жигит экенсиң, ачык сүйлөшүп албайлыбы. Мага негизи жигиттер жагат, а сен сонун бала экенсиң" деди. Мен эмне кыларымды билбей, бутумдун учунан башыма чейин ысып кетти. Андан кийинки ирмемдер жакшы эсимде жок. Өзүмө келсем колумду кармап жыттап, өпкүлөп жатыптыр. Эң жаманы мен колумду тартып алып, чыныгы эркектей болуп бир муштаган жокмун. Селейген бойдон отуруп, бир учурда өзүмдү колго алып машинадан түшө качтым.

Ошондон баштап жашоом түп-тамыры менен өзгөрдү. Жалгыз калсам же көзүмдү жумсам эле баягынын сөздөрү кулагыма угулуп, колдорумду өпкүлөп жатканы көз алдыма тартылат. Ошонун айынан түшүмдөн чочуп, көпкө чейин уктай албайм. Жумушка болсо такыр эле барбай койдум, үйдөгүлөрдү аябай оор экен, чыдачудай эмесмин деп жайгардым. Жумуштагылар дагы бир нече күн бою чалышты, бирине дагы жооп берген жокмун.

2-3 ай өткөндөн кийин бир аз өзүмө келип жаңы жумуш издеп көрдүм, бирок таба албадым. Чынын айтканда, өзүм тапкым келген жок окшойт. Ал ортодо көптөн бери жагып жүргөн тааныш кыз менен мамиле курууга аракет кылдым. Анда дагы алаксый албадым, анын колун кармасам, кучактасам, өпсөм деле баягы кишинин сөздөрү кулагыма жаңыра берет.

Жашоону эмнеден баштоону билбей турам. Күйөөсү башкага кетип калган келиндин каты

Андан дагы коркунучтуусу, аягында балким мен өзүм дагы ошондой болуп жүрбөйүн, эмнеге эркек кишинин айткандары, колумду өпкөндөрү эсимден кептей жатат деп ойлоно баштадым. Ошол учурда чыдай албай, бардыгын эжеме айтып бердим. Мындан ары эмне кыларымды билбей турам, жардам бергилечи...

Психолог Перизат Калмаматова:

— Урматтуу автор, сиз ушуп тапта катуу депрессияда экенсиз. Ага сиз нервиңиз катуу жабыркагандан кийин туш болгонсуз. Кесиптешиңиздин андай мамилесине өзүңүз айткандай, муштум менен жооп берип, кырдаалдан кол шилтеп чыгып кетүүгө эң биринчиден жаш курагыңыз таасир этти. Байкашымча, буга чейин алдап кетүү, чыккынчылык сыяктуу мамилени көрө элексиз. Башкача айтканда, жашоонун эч бир оош-кыйышын баштан кечире элек абалыңыз менен тиги кишинин мамилесин, сунушун оор, жүрөккө абдан жакын кабыл алгансыз.

Негизгиси — сиз эми ошол окуяны унутайын деген максатта жумуш же жаңы сүйүү мамилесин издебешиңиз керек. Сиз жашоо уланат, ошол жумуш менен жан багам, адис катары калыптанам деп ойлонуңуз. Ал эми жашооңузда пайда болчу кызды келечектеги сүйүктүү жар, балдардын апасы, ата-энеңиздин келини катары көрүңүз. Эгер сиз аны баягы окуянын "таасиринен" сууруп алчу гана адам катары элестетсеңиз, абал кыйындай берет. Адамдын психологиясы ушундай, канчалык бир нерседен оолактагысы келип, унутууга аракет кылган сайын ошол нерсеге жакындай берет. Качан гана аны көңүл сыртында калтырып койгондо, мээ дагы аны акыл-эстен чыгарат. Бирок жогоруда айткандай, катуу депрессияда экенсиз, болгон окуяга белчеңизден батып алыптырсыз. Психологдун консультациясына муктажсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0