Ош шаарында бир нече карантиндик чектөөлөр киргизилди. Тизме

© Фото / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эрежелер боюнча тойкана, караоке-клуб сыяктуу көңүл ачуучу жайлар кишинин санына карабастан толугу менен жабылат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантиндик чаралардын жаңы эрежелери киргизилди. Бул туурасында Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынды.

Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайларынын саат 08.00дөн кечки 22.00гө чейин иштөөсүнө уруксат берилди.

Соода-сатык пункттары саат 07.00дө ачылып кечки 22.00дө жабылат.

Базарлар дүйшөмбү күнү ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштери жүрөт.

Ошто COVID-19 кооптуулугунан улам милиция 20 тилемчини кармады

Коронавирус боюнча кырдаал

Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча, 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда. Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 120 адам каза тапты. Учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0