Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер Кыргызстанда эртең ысыктын күчү кээ бир аймактарда 35 градуска чейин чыгарын, ал эми тоолуу аймактарга кар түшөрүн айтышты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эртең Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтөт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми Талас менен Жалал-Абадда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24…+29, Таласта +23…+28, Ош жана Жалал-Абад облустарында +29…+34, Баткенде +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарында +20…+25 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ошто +32…+34 жана Чолпон-Атада +20…+22 градус болору кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0