Жумабеков: пневмонияны дарылоого "Гансиде" 200 орун даярдадык

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРМурунку аскер базасы "Ганси"
Мурунку аскер базасы Ганси  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору мурунку аскер базасы "Гансиде" 200 орун даярдалганын Sputnik агенттигине аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бул жерде коронавирустан улам пневмонияга кабылган бейтаптар дарыланат.

"Гансидеги" биздин филиал Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен ачылды. Алгач жүз орун алып, кийинчерээк кайра дагы жүз орун менен толуктадык. Филиалыбыздагы 200 орундуктун баарында тең пневмония менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алабыз. Бейтаптарды толугу менен биздин атайын окуудан өткөн кызматкерлерибиз дарылайт", — деди Жумабеков.

Ал социалдык тармактагы баракчасына да маалымат калтырып, ооругандарды аталган жайга келүүгө чакырды.

Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

Учурда коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 120 адам каза тапты. Учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0