Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүАптка иш учурунда. Архив
Аптка иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги дарыканаларда дары-дармектин баасынын кескин жогорулаганы коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Тиешелүү тараптардын айтымында, дарыканаларды текшерүүнү шарттаган токтом эми чыгат.

Sputnik Кыргызстан кырдаал боюнча тиешелүү тараптарга кайрылып, мамлекеттик органдар менен дары ташыган компаниялардын ээсине суроо салды.

Социалдык тармактарда да нааразычылыгын билдирген интернет колдонуучулар Монополияга каршы мамлекеттик агенттик кырдаалды көзөмөлгө албай жатканын жазып, тийиштүү мекемелердин дарегине да бир топ сын айтышууда. Алар айрым дарылардын, мисалы, арбидол мурда 280 сомдон сатылса, азыр баасы 1000 сомго жакын деп билдиришти.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Шухрат Сабиров өкмөттүн токтомунун негизинде республикада дары-дармекти тескөөчү орган Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти эсептелерин айтты.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМонополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Шухрат Сабиров
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси - Sputnik Кыргызстан
Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Шухрат Сабиров
"Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти тарабынан дарыканадагы препараттарга бирдиктүү сатуу баалары коюлуп берилбегендиктен, биз көзөмөлдөй албай жатабыз. Монополияга каршы кызмат коюлган баалардын негизинде гана текшерүүгө укуктуу", — деди ал.

Жогорудагы билдирүүдөн улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган департаменттин директорунун орун басары Руслан Акматовго бир нече суроолор менен кайрылган. Анын айтымында, жакында өкмөттүн текшерүүгө уруксат бере турган токтому чыгат.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрилигинин дары-дармек менен камсыздоо департаменттинин директорунун орун басары Руслан Акматов
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрилигинин дары-дармек менен камсыздоо департаменттинин директорунун орун басары Руслан Акматов
"Ошол токтомдун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана Финансы полициясы менен биргеликте дарыканаларды кыдырып, баасынын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзөбүз. Быйыл ар кандай себептерден улам дарыканаларда дарылардын бирдиктүү сатыкка чыгуучу баасы коюлган эмес", — деди Акматов.

Ал коомчулук көп талкууга алып жаткан арбидол баасынын кескин жогорулашы туурасында кечээ Республикалык штабдын жыйынында да сөз болгонун белгиледи.

"Арбидол азыр 600 сомдон келип, дарыканада 700 сомдон сатылып жатыптыр. Бул кымбатпы? Ал эми сиз айткан 280 сомдон сатылган арбидол балдар үчүн, бул 600 сомдон келгени чоңдордуку. Экөөнүн айырмасы бар. Анын үстүнө бул препарат ковиддики эмес. Болгону эл ушул дары керек экенин угуп алып эле дүрбөп жатат. Дарыканалар менчик болгондуктан уруксат кагазы жок текшере албайбыз. Бул жерде дагы бир коркунуч бар. Биз дарыканаларга бирдиктүү бир бааны коюп койсок, мамлекетке айрым дары-дармектер келбей калышы мүмкүн. Анткени алар өздөрүнүн да кирешесин карайт", — деди ал.

Акматов белгилегендей, Кыргызстанда азыр дары-дармек каражаттарынын үч айлык запасы бар.

Министрлик: дары-дармек жетиштүү, дүрбөлөңгө түшпөгүлө

Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардын дары-дармектин баасын негизсиз жогорулатканы боюнча фактылар аныкталды деген маалымат таратты.

"Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз", — деп жазылган маалыматта.

Фармацевтикалык компаниянын ээси: 30 пайыз кошобуз

Ал эми Бишкектеги ири фармацевтикалык компаниянын атын атагысы келбеген ээлеринин биринин айтымында, республикадагы дары каражаттарынын кескин кымбатташына дүйнөдөгү пандемиялык абал, эл аралык каттамдардын жабылышы себеп болууда.

"Кыргызстанда керектүү дарылардын бир эле пайызы чыгат. Калган 99 пайызы чет жактан алып келинет. Ошол себептен биздин рынок башка өлкөнүн өндүрүшүнөн көз каранды. Азыр сырьёнун баары Кытайдан алынат. Ал жакта да эпидемиялык абалдан улам сырьё кымбаттап, заводдордо да дары-дармектин баасы жогору болууда. Ушундан улам бизде кээ бир дарылардын баасы жогорулап кетиши мүмкүн, бирок көбүнүн баасы мурункудай эле", — деди ал.

Министрлик COVID менен күрөшүүдө жетишсиз жабдууларды тизмектеди

Ишкер сырттан алып келинген препаратка 10 пайыздан 30 пайызга чейин акча кошуларын айтты.

"Фармацевтикалык компаниялар абдан жогору бааларды коюп алып байып жатат дегенден алыс болуу керек. Анткени сырттан алып келинген препаратка 10 пайыздан 30 пайызга чейин акча кошулат. Андан көп эмес. Бир чети биздин рынок кичинекей, атаандаштык чоң. Эгер мамлекеттик органдар катуу көзөмөл жүргүзүп, көйгөй жарата берсе фармацевтикалык компаниялар дары-дармектерди алып келбей коёт. Ошентип элге керектүү препараттар рынокто жок болуп калышы мүмкүн. Себеби мамлекет кайсы бир дарыга белгилүү бааны коюп койсо, чет жакта ал андан кымбат болсо ишкер өз чөнтөгүнөн акча кошпойт да. Андан көрө кымбат болсо да ошол дарынын өлкө ичинде болгону жакшы. Мисалга, азыр эки күндөн бери баасы 60 миң сом турган кычкылтек концентраторун таппай жатышат. Эч жерде жок. Ошондой эле азыр кээ бир зарыл препараттар рынокто жок болууда", — деди ал.

Коронавирустун белгиси байкалса эмне кылуу керек. Кадамдардын алгоритми

Фармацевтикалык компаниянын ээси "мамлекет тарабынан дарыларга бирдиктүү баа коюлса, дары-дармек алып келүүдө көйгөй жаралып калышы мүмкүн" деген пикирин кошумчалады.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында элдин башына мүшкүл түшүп турган маалда дары-дармекти кымбаттатуу туура эмес экенин, азыр жардам берчү мезгил экенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0