Жаңы конуштарда газ туташтыруунун акысын бөлүп төлөө каралууда

© пресс-служба мэрии города БишкекКызматкер газ туташтыруу учурунда. Архив
Кызматкер газ туташтыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэрдин билдиришинче, көпчүлүктүн газ коштурууга мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен муниципалитет "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен банктарга сунуш жөнөткөн.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектин жаңы конуштарындагы үйлөрдү газ менен жылытуу системасын туташтыруунун акысын бөлүп төлөө шарты каралып жатат. Бул туурасында вице-мэр Мирлан Амантуров брифингде билдирди.

Анын айтымында, жылытуунун бул түрүн үйгө кошуу 20 миңден 60 миң сомго чейин каражатты талап кылат. Эми аны коммерциялык банктар аркылуу бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Ак-Өргөдө катарлык уюмдун каражатына амбулатория салынып бүттү. Сүрөт

"Меш алуу багытында компания жана банктар менен иштеп жатабыз. Баарынын эле газ аркылуу жылытууну коштурууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан "Газпром Кыргызстан" ишканасына бул кызматтардын баасын мүмкүн болушунча төмөндөтүүнү тапшырып, банктарга жарандар анын акысын үч жылдан беш жылга чейин бөлүп төлөп турушун сунуштадык. Мындайча айтканда, эл ай сайын 200-300 сомдон берип турат", — деди вице-мэр.

Ал кошумчалаганадай, быйыл жаңы конуштарды газ менен камсыз кылууда 40 миң тоннага азыраак көмүр сатып алынат. Мурда 168 тонна болсо, ушул жылы 128 миң тонна керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0