Медиктердин абалын айткан жетекчи Акматова түз эфирде ыйлап жиберди. Видео

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова. Архив
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматова Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтуу үчүн Республикалык штабдын пресс-борборунда түз эфирде болчу брифингге келген.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова медиктердин учурдагы абалы туурасында түз эфирде айтып жатып ыйлап жиберди.

Акматова бүгүн Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтуу үчүн Республикалык штабдын пресс-борборунда түз эфирде болчу брифингге келген. Аягында коомчулукта тарап жаткан медиктерге байланыштуу түрдүү видеолорго түшүндүрмө берген.

Медицина кызматкерлери бузулуп калган тез жардам унаасын түртүп бараткан видеого токтолгондо көз жашын тыя албай калды.

“Ооба, медиктер бүгүн күнү-түнү тынымсыз иштеп жатат. Мындай учурлар дагы болуп калат экен. Техника деген техника да, ал жолдо токтоп, бузулуп кала берет экен. Анан дарыгерлер бейтапты аман алып калуу үчүн болгон күчүн жумшап жатышат”, — деп бир саамга токтоп калды.

Көзүнө жаш алган Акматова кечирим сурап, андан ары сөзүн улантты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бишкек|Обучение|Макияж🇰🇬🌎☀️ (@aiperisuranchieva__)

Жаңылыктар түрмөгү
0