Боронов: Роспотребнадзордун өкүлдөрү кыргыз медиктерине жардам берет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы коронавирус менен күрөшүүдөгү Россиянын тажрыйбасы Кыргызстандын дарыгерлери үчүн маанилүү экенин айтты.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россиядан атайын делегация менен келген Роспотребнадзордун өкүлдөрү кыргыз медиктерине жардам берет. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Делегацияны Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский жетектейт. Өкмөт башчы алардын келиши жакында президент Сооронбай Жээнбековдун Россия лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналарын айтат.

"Биз үчүн бул чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россиянын тажрыйбасы бизге маанилүү. Делегация менен биз коронавируска каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселесин сүйлөшөбүз. Мындан тышкары, эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат", — деди Боронов.

Ошондой эле ал делегация Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам алып келгенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Өкмөт сырттан келген акча ичип-желип жок болду деген сөзгө жооп берди

Жаңылыктар түрмөгү
0