Сузакта аялына дөңгөлөк илип жазалаган кишиге өкүм чыкты

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузактагы 51 жаштагы катаал эркек кишинин иши бүгүн каралып, күнөөлүүнү сот залынан кое беришкени маалымдалды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган кишини сот эки жылга шарттуу кести. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Жалал-Абаддагы "Акыйкат" деп аталган укук коргоо уюмунан билдирип, аны облустук сот тастыктады.

Аталган иш тергелип, бир нече күн мурда Фемида өкүлдөрүнүн кароосуна жиберилген.

Бүгүн Сузак райондук соту Бекабаддык 51 жаштагы кишини күнөөлүү деп тапкан.

"Сот аны эки жылга пробациялык көзөмөлдө кармоо чечимин чыгарып, камактан үйүнө бошотту", — деп айтышкан укук коргоо уюмунан.

Эске сала кетсек, күйөөсү тарабынан кордолгон аялдын окуясын Сузак райондук милициясы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") менен каттаган. Ал кайра Жазык кодексинин 144-беренесине ("Уруп-согуп кыйноо") которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

Шектүү Сузак районунун Бек-Абад айылынын Б.З. аттуу 51 жаштагы тургуну 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Ошол эле күнү сабалган аял тосмо арыз жазып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0