Симптому жок ооруган миңдеген киши үйүндө дарыланууда. Статистика

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер иш учурунда
Медициналык кызматкерлер иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча коронавирус жугузуп алган адамдардын саны 6 261ге жетти. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 735 бейтап дарыланууда.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Крыгызстанда коронавируска чалдыкан 110 адамдын абалы оор, 24 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада 735 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 573ү орточо оор абалда, 52синин саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Оорунун жеңил түрү менен жабыркаган 2 930 киши үйүндө дарылданууда.

Өткөн суткада 87 киши вирусту жеңип, үйлөрүнө жиберилди

Акыркы сутка ичинде 3 281 анализге изилдөө жүрүгүзүлүп, 526 адамдан COVID-19 аныкталды. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 21 950нү түзөт.

Өлкө боюнча коронавирус жугузуп алган адамдардын саны 6 261ге (3191и аял, 3070и эркек) жетти. Анын ичинен 2 530у айыгып чыккан, тилекке каршы, 66 адам кайтыш болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0