Кыргызстанда COVID жуктурган ак халатчандардын саны 921ге жетти

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүШаардык оорукананын медициналык кызматкери
Шаардык оорукананын медициналык кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде вируска кабылган медкызматкерлердин саны кыркка чукулдаса, ошол эле убакта 18и стационардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 921ге жетти. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде 42 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда 18 медик ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан вирус аныкталган 921 ак халатчандын 464ү дартты жеңген.

Өткөн суткада 87 киши вирусту жеңип, үйлөрүнө жиберилди

Ал эми республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 261ге жетти. Анын 2 530у айыгып, тилекке каршы, 66 киши көз жумду

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0